Жабыла турган медициналык окуу жайлардын ээлери айтылды

Өлкөдөгү медициналык багытта билим берген 24 окуу жайдын он жетисин жабуу сунушталууда. Саламаттык сактоо министрлиги алардын талапка жооп бербей турганын айткан.

Кыргызстанда жабыла турганы айтылган медициналык окуу жайларга кимдер ээлик кылат?

Маалыматтар Юстиция министрлигинин электрондук базасынан алынды.

АДАМ университети

Негиздөөчүлөрү — Сарвар Гулам Мужтаба, Чаудхары Гулам Сарвар, Сопубекова Жылдыз Женишбековна. Жетекчиси- Сирмбард Светлана Рустамовна.

Эл аралык «Ала-Тоо» университети

Негиздөөчүсү — Эсеналиева Назира Солтонбековна. Жетекчиси — Асанбекова Жаныл Адыловна.

Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту

Негиздөөчүсү жана жетекчиси Тентишев Эркин Саткынбаевич.

Салымбеков университети

Негиздөөчүсү — Жумадилов Амангелди Жумадилович, Жумадилов Эсенгелди Жумадилович, Салымбеков Аскар Мааткабылович. Жетекчиси — Жумадилов Амангелди Жумадилович.

Роэль Метрополитен Университети

Негиздөөчүлөрү — Токтоматов Турдалы Токтогулович, Шахзад Хуррам, Туманов Осмонбек Шералиевич. Жетекчиси — Токтоматов Турдалы Токтогулович.

АВС Академиясы

Негиздөөчүлөрү — Салимова Диляра Ильясовна, Текебаева Асель Айдаровна, Дуйшеналиева Садагүл Курманбековна, Исмаилова Эльмира, “Профессор Асымбекованын клиникасы”, ЖЧК «Берекет» Жетекчиси — Асымбеков Эдильбек Уметович.

Ош эл-аралык медициналык университети

Негиздөөчүлөрү — Мингазов Рамиль Исхакович, Мухаммад Шоиб Шахид Нур Мухаммад, Саид Ахмад Мухаммад Васим, Өмүрзакова Кымбат Жапаровна. Жетекчиси — Орунбаева Бибигүл Маматовна.

Медико-социалдык илим-изилдөө институту

Жетекчиси — Музурупханова Саяра Музапархановна.

Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институту

Негиздөөчүлөрү — Зулпукарова Бегимай Муктарбековна, Зулпукаров Эрбол Муктарбекович, Кантороева Айжамал Кантороевна, Зулпукаров Исхак Муктарбекович, Зулпукарова Айтурган Муктарбековна, Арынбаев Эрзат Жаңыбаевич, Мадеш Рамеш. Жетекчиси — Арынбаев Жаныбай Токоевич.

Эл аралык медицина жогорку мектеби

Негиздөөчүсү — «Билим жана илимди колдоо» коомдук бирикмеси. Жетекчиси — Ахунбаев Сталбек Медерович.

Эл аралык Илим жана бизнес академиясы

Негиздөөчүлөрү — ОсОО «Даража-Инвест» жана «Каганат» кайрымдуулук фонду. Жетекчиси — Кулуев Асаналы Чойбекович.