Лейлек районунда “Достук – биздин күчүбүз!” аттуу иш-чарасы өттү


Лейлек районунун Андарак айылында Сумбула айыл аймагындагы мектептердин ортосунда “Достук – биздин күчүбүз!” аталышындагы спорттук иш-чаралар болуп өттү. Бул иш-чара Лейлек РИИБнин жетекчилиги тарабынан демилгеленип, 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнө арналды.

Whatsapp image 2022 02 21 at 08. 58. 22 лейлек районунда “достук – биздин күчүбүз! ” аттуу иш-чарасы өттү
Whatsapp image 2022 02 21 at 08. 58. 21 2 1 лейлек районунда “достук – биздин күчүбүз! ” аттуу иш-чарасы өттү


Бул иш-чаранын максаты аймактарда окуган ар улуттун өкүлдөрүн ынтымакка чакыруу жана окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, өлкөнүн туруктуулугу үчүн укук бузууларга жол бербөө.
“Достук – биздин күчүбүз!” аталышындагы иш-чаранын жыйынтыгында жеңген командарларга Лейлек РИИБнин сыйлуу белектери жана дипломдору тапшырылды.

Whatsapp image 2022 02 21 at 08. 58. 21 лейлек районунда “достук – биздин күчүбүз! ” аттуу иш-чарасы өттү


Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы