Жалал-Абадда кар астында калган төрт жаранды издөө иши күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 53 куткаруучу, 3 кинолог иттер менен, ошондой эле атайын каражат менен темир издеген адам (металлоискатель) бар. Ошондой эле 8 атайын техника, тактап айтканда, эксковатор, бульдозер, грейдер жана унаа жүктөгүч тартылган.
Эскерте кетсек, кардын жалпы көлөмү 1 млн метр кубду түзгөнүнө карабастан куткаруучулар бүгүнкү күндө 20-30 метрге чейинки тереңдиктеги карды казып, издөө ишин улантууда.