“Балдарды коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова президентке кайрылды

“Балдарды коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова президентке кайрылды.

Кайрылуу:

«Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Тилекке каршы, өлкөдө балдардын укугу корголбой, аларды кыйнап, зордуктап, өлтүрүп жатышат. Өлкөдө балдарды коргоо механизми жана балдарды коргоо боюнча атайын бекитилген социалдык кызматкерлер жок. 2021-жылы 400 бала зомбулуктан жабыркаган, ал эми 2022-жылдын акыркы 2 айында 3 — бала жабыркады.

Бул өзгөртүүлөр сиз колдойбуз деп убада кылган Балдар кодексинин жаңы редакциясына киргизилди. Тилекке каршы, Балдар кодексинин жаңы редакциясы Жогорку Кеңеште каралбай калды, аны алар Конституциянын бузууга барып, жокко чыгаргысы келип жатат.

Сизди, Кодекске өзгөртүү киргизүүнүн кереги жок, ага тогуз миллиард сом кетет деп адаштырып жатышат. Бул жалган!
Балдар кодексине өзгөртүү киргизүүнүн такталган бюджети болгону 160 миллион сомду түзөт.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизден Балдар кодексинин жаңы редакциясын кабыл алып, Кыргызстандын балдарын зордук-зомбулуктан коргооңузду суранабыз!

Балдар кодексинин алкагында балдарды коргоонун эффективдүү механизмдери тууралуу фактыларды сиздерге далилдей алуу үчүн бизди, Балдардын укуктарын коргоочуларды жолугушууга кабыл алууңуздарды суранам!»