Баткенде 3 бөлмөлүү турак үйдү балдар өрттөп салышты


Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, куткаруучуларга 18-фералда саат 14:53тө Баткен районунун Бужум айылында 3 бөлмөлүү турак үй өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине №26 ӨККБнын 1 бөлүмү тартылып, өрт саат 16:13тө толугу менен
өчүрүлгөн.
Өрттүн аянты 44 чарчы метрге чейин жетип, сыналгы, электр меши, муздаткыч, 3
даана эшик, 2 даана терезе, 14 даана (11×4) устун, 6 даана фанера, 6 гипсокартон,
250 метр рейка, 2 даана гардероб, 2 даана палас, жууркан-төшөктөр жана идиш-аяктар күйгөн.


Өрт балдардын от менен ойноосунан улам чыккан.


Жабыр тарткандар жок.