
Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-январда милицияга Жаркынбаев айылынын 46 жаштагы тургуну кайрылып, 8-январда анын жубайы Ырысгүл Байтерекова (экинчи топтогу майып, эс тутуму начар) үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин билдирген.
Белгилери: бою 160-165 см, үстүнкү эриндин оң тарабында тагы бар.
Кийими: сары-кызыл түстөгү куртка, кызыл-көк түстөгү свитер, кара кышкы бут кийим.
Ошондой эле 2021-жылдын 26-ноябрында милицияга Түп районунун Ой-Булак айылынын тургуну 41 жаштагы жолдошу Жансап Дүйшебаев 2021-жылдын 11-июнунда үйдөн өзүнүн унаасында чыккан бойдон кайтып келген эместигин айткан. Күбөлөр аны акыркы жолу Ысык-Көл районунда көргөн.
Белгилери: бою 165-170 см, толук дене түзүлүштө, оң колунда аты жок менен орто манжалары жок, мезгилге жараша кийинген.