УКМК: Контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды

2022-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан республиканын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүмү (кызмат адамдарына пара берүү) боюнча Баткен облусунун аймагында контрабандалык иштер менен алектенгендердин бири, Кыргыз Республикасынын жараны Н.Б.А. кармалды.

Аталган жаран кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 000 сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
WhatsApp Image 2022 02 18 at 16.48.51 УКМК: Контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды
WhatsApp Image 2022 02 18 at 16.48.51 1 УКМК: Контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды