
Жети-Өгүздө жардан түшө албай калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-февралда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын Ак-Жар жайлоосунда 47 жаштагы А.А. аттуу эркек киши кой жайып жүрүп, жарга чыгып өз алдынча түшө албай калган.
Окуя болгон жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 6 куткаруучу тартылып, ал жаранды жардан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.