Кыргызстанда токойлорду электрондук картага түшүрүү иштери жүрүүдө — Токой чарба агенттиги

Кыргызстанда токойлорду электрондук картага түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтымында, санариптештирүүнүн алкагында токойлор гектар менен эсептелбей, бөлүп санала баштайт. Учурда токойлор төрт бөлүккө бөлүнөт: ийне жалбырактуу, жазгы жалбырактуу, мөмө-жемиштүү жана суу боюндагы токойлор.

“Бүгүнкү күндө бардык токойду электрондук картага түшүрүп, санариптештирүүгө алып келе жатабыз. Бул эмне дегенди билдирет? Биздеги токой чарбалык жумуштар, токойду өстүрүү, пландоо иштеринин баары электрондук форматка өткөрүлөт. Кыргызстанда токой фондунун жерлеринде 20 миңдей ижарачы бар, алардын баарынын электрондук базасын түзүп жатабыз”, – деди.

Эскерте кетсек, 2022-жыл – “Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы” деп жарыяланган.