Кадамжай районунун аймагында 2022-жылдын 16-17-февраль күндөрү "Режим" иш-чарасы өткөрүлүп, район аймагында жайгашкан Халмион, Торговый, Кадамжай базарлары жага Айдаркен, Кадамжай автобекеттери текшерилди. Мындан сырткары көп кабаттуу үйлөр, алардын жер төлөлөрү, чатырлары көзөмөлдөн өткөрүлдү.
Район аймагындагы 1598 атуулду камтыган 578 кожолук үй текшерилип, аларга үй мүлктөрүн, мал-жандыктарын сак кароого, үй-бүлөлүк зомбулуктарды болтурбоого эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгында коомдук жайларда спирт ичимдигин ич
ип жүргөн-4, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жасаган-1, автоунаасын мас абалында башкарган-3, жол эрежесин бузуп автоунаа башкарган-79 атуул аныкталып, аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.
Бул иш-чаранын максаты коомдук коопсуздукту сактоо болуп саналат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы