«Өтмөк» аталышындагы рейд өтүп, окуучулар жол чырактын макетин жасашты

Ош шаарында «Өтмөк» аталышындагы рейд өтүп, окуучулар жол чырактын макетин жасашты

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмү тарабынан «Өтмөк» аталышындагы рейд өттү.


Рейддин алкагында шаардагы мектептердин окуучулары арасында заманбап жол чырак жасоо боюнча сынак уюштурулду.


Ош шаарындагы мектептердин окуучулары заманбап жол чырактарды жасоо боюнча сынакка катышып, заманбап жол чырак жасаган окуучулар баалуу белектер менен сыйланышты.


«Өтмөк» рейдинин максаты жаш өспүрүмдөрдүн арасында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.

Ош шаары боюнча МККБнын Басма сөз кызматы