Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февраль күнү Чүй облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы аймактын өнөр жай ишканаларын кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышат.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров жолдордун курулушунун жүрүшү менен да таанышаары күтүлүүдө.