Садыр Жапаров Бишкек—Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек—Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин айтымында, учурда Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун жалпы узундугу 52,5 чакырымдан калган 7,4 чакырымын реконструкциялоо иштери уланууда. Калктуу конуштардагы реконструкцияланган жолдун негизги унаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3,5 метрди түзөт.

Мындан тышкары, мамлекет башчысына Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору көрсөтүлдү. Реконструкциялоо долбооруна ылайык, автожол кеңейтилип, ага жол кайчылаштары, тротуарлар жана жол үстүнөн адамдар өтүүчү өтмөктөр курулат.

Айланма жолдун узундугу 34 чакырым. Негизги бөлүгү ортодо бөлүүсү менен 4 тилкелүү болот. Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоого инвесторлорду тартуу пландалууда.

Садыр Жапаров ошондой эле Профсоюзная көчөсүндөгү жол куруу долбоору менен таанышты. Долбоорду үстүбүздөгү жылы толугу менен бюджеттик каражаттардын эсебинен ишке ашырып баштоо пландалууда.