Мыйзамсыз иш алып барган беш ишкана аныкталды

Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы Биринчи май районунун Дэн Сяопин проспектисинин Ю.Фучик көчөсүнөн баштап Садыгалиев көчөсүнө чейин инвентаризациялоонун жүрүшүндө тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок жана өз алдынча иштеген 5 объектини аныктады.

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

img 20220214 wa0001 1 Мыйзамсыз иш алып барган беш ишкана аныкталды

Маалыматка ылайык, бул аныкталган объекттер ар кандай багыттагы болуп саналат. Алар – “Адиш ата” ашканасы, “Carzone” унаа жуугуч менен техникалык тейлөө станциясы, “Daewoo” техникалык тейлөө станциясы, “Авто плюс” техникалык тейлөө станциясы, спорттук залдар.

img 20220214 wa0003 Мыйзамсыз иш алып барган беш ишкана аныкталды

Бишкек шаарынын архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы, борбордун тургундарына курулушту уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзбөөнү жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” КР Мыйзамын сактоону эскертет.