2022-жылдын 4-10-февраль күндөрү Бишкек шаарынын аймагында 5 миң 558 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен:
– мас абалында автоунаа башкаруу – 92;
– автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо – 12;
– айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу – 47;
– техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу – 146;
– автоунааны техникалык бузуулары менен башкаруу – 5;
– жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар – 192;
– башка жол эрежелерин бузуулар – 5 064. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 538 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.