Жети жолу соттолгон жаран көчөдө аялдын чачынан сүйрөгөн

Аялзатына кол көтөргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

      Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын тургуну  1984-жылы туулган аял  2022-жылдын 25-январь күнү арыз менен кайрылып, ал арызында аны  Ош шаарынын  А. Масалиев атындагы көчөсүндө белгисиз жаран  агресивдүү маанайда адегенде сөгүп,  андан соӊ чачынан сүйрөп уруп, денесине залал келтиргенигин көрсөткөн. 

Анын мындай кылмыштуу аракети туура эмес экендигин эскерткенине тиги кол салган адам дагы агрессиясын күчөтүп, муунтууга аракет жасаган.

WhatsApp Image 2022 02 11 at 11.06.58 1 Жети жолу соттолгон жаран көчөдө аялдын чачынан сүйрөгөн

    2022-жылдын 8-февраль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн   жана  ИИМдин  атайын багыттагы полкунун кызматкерлери  тарабынан  бул кылмышка тиешелүү адамды  Бишкек шаарында, Жал кичи районунда бекинип жүргөн жеринен кармашкан.  

Ал Өзгөн районунун 1982-жылы туулган тургуну,  мурда  7 жолу сот жообуна тартылган, туруктуу иштеген жери жок Д.А. аттуу жаран болуп чыкты.   Ал кылмыш чөйрөсүнө жакын, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүкатары тизмеде  экендиги аныкталды. 

   Шектүү Д.А жогоруда белгилегендей 7 жолу: 3 жолу бейбаштык,  тоноо, наркотикалык заттарды колдонуу, опузалап акча талап кылуу жана башка бироонун мүлкүн атайылап жок кылгандыгы үчүн соттолгон.  Учурда ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.                 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы