Панфилов районундагы орто мектептерде алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды жана кылмыштуулукту болтурбоо
максатында Панфилов РИИБдүн кызматкерлери тарабынан “Лидер” аталышындагы
рейд иш-чарасы уюштурулду. Рейд учурунда Панфилов районундагы орто
мектептерде “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук” жана “Мектеп рэкети”
аталышындагы лекциялар окулду.

WhatsApp Image 2022 02 11 at 13.31.49 1 Панфилов районундагы орто мектептерде алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү


Иш-чарада Панфилов РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору
мектеп окуучуларына үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун түрлөрүн жана аларды
алдын алуунун жолдорун айтышты. Ошондой эле мектеп рэкетчилиги жана
алардын балдардын билим алуусуна тийгизген терс таасирлери тууралуу
айтылды. Ошондой эле мектеп окуучулары кандайдыр бир мыйзамсыз
иш-аракеттерге күбө болсо ал тууралуу дароо ИИОнун кызматкерлерине
кабарлоосу керектиги эскертилди.


Мектеп окуучуларына өткөрүлгөн лекцияга Панфилов РИИБдүн башчысынын орун
басары да катышып, келечекте мыкты кесиптин ээси болуу үчүн окуучулар
ушул мектептен татыктуу билим алуусу зарылдыгын айтып өттү.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы