
Түп РИИБдмн балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан “Лидер” аталышында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Семинар-тренинг табиятта өткөрүп, топтошуп укук бузууларды алдын алуу, жаш өспүрүмдөр арасында жаңжалдарды чечүү, зордук зомбулуктарды, топтошуп мушташууларды алдын алуу багытында жана укуктун маалымдуулугун жогорулатуу максатында оюн-зоок турундө уюштурулган.

Иш чаранын катышуучулары орчундуу кырдаалдарда жана топтук конфликттерде, көйгөйлөрдү угуп билүү көндүмдөрүн колдонуунун өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүштү