«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын» кызматкерлери 5 288 500 сомду ээлеп алышкан

Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкек
жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын К.Р. жана А.Н.
аттуу жооптуу кызматкерлерине карата өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарды мыйзамсыз
ыйгарып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыптоо актын бекитти.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза
кодексинин 210-346-беренелери («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу»,
«Кызматтык жасалмачылык») боюнча кылмыш жасаган деп айыпталууда.


«Текшерүүдө аталган ишкананын жогорку кызматтагы кызматкерлери жеке
материалдык кызыкчылыктарды көздөп, финансылык-бухгалтердик документтерге
атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен автобустардын айдоочуларынан
«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын» кызматкерлери 5 млн сомдон ашык акчаны ээлеп алган жана
күн сайын түшкөн акча каражаттарын ишкананын кассасынан системалуу түрдө чыгаруу жана ыйгарып алуу схемасын уюштурганы аныкталган. Кылмыштуу аракеттердин
кесепетинен ишканага жалпы суммасы 5 288 500 сом зыян келтирилген», – деп айтылат
маалыматта.
Тергөөдө көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке 5 миллион 288 миң 500 сом
зыян толугу менен өндүрүлгөн.
Аталган кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.