Алиярбек Абжалиев камакка алынды

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев камакка алынды.

Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратып, ЖКнын мурдагы депутаты алдамчылык фактысы боюнча кармалганын билдирди. Бирок, маалыматта кармалган экс-депутаттын аты айтылбай, баш тамгалары гана көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги системалуу коррупцияны жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү, алардын негиздерин жоюу, аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча, ошондой эле өлкөдө инвестициялык климатты камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жасалган ири алдамчылык фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, ошол кезде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон КР “А.А.” аттуу жаранынын алдамчылык аракеттеринен улам 2 млн АКШ доллар өлчөмүндө зыян тартканы тууралуу УКМКга ишкер арыз менен кайрылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде “А.А.” аталган кылмышка шектүү катары кармалып, ага ылайык айып тагылып, 2022-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Эске салсак, экс-депутат Алиярбек Абжалиевге карата былтыр март айында Жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Абжалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылганын Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын учурунда журналисттерге билдирген.