Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке депутат Адахан Мадумаровго («Бүтүн
Кыргызстан») байланыштуу кайрылуу жолдойт.
Аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу боюнча
Башкы прокуратуранын кайрылуусу 10-февралда эртең менен түшкөн.
Учурда кайсы кылмыш экени так айтыла элек.
Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук маселелери
комитетинин төрагасы Медербек Алиев («Ишеним») комитет бул маселени карап,
Жогорку Кеңештин кароосуна берүү үчүн 15 мүнөттүк тыныгуу сурады