Министр: Мен кызматтан кетпейм

Социалдык тармактарда тарап жаткан саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу министр өзү 24.kgге берген маегинде билдирди.

«Мен ачык айтам, эгерде менин ордумда реформа жүргүзө турган адам болсо, мен ордумду бошотуп берем, болбосо иштейм.

Мен отставкага кетпейм. Кызматтан бошотуу тууралуу мага эч ким айткан жок. Мен иштеп жатам. Мен Жумабековду эчак эле унутуп калдым. Башка чоң иштер бар. Реформалар күтүүдө. Эми мага Жумабековго окшогон 20 адам каршы чыгат, коррупцияны тазалайм. Кимди тазалаарымды алар билишет. Мен академиктердин баарын кызматтан кетирем», – деди ал.