Бишкекте троллейбус кызды сүзүп кетти

Бишкектин Чүй менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан жабыркаган кыз ооруканага жеткирилген.