Адам өлтүрүүгө аракет кылган кыргыз жараны Россиядан кармалды

Адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелген Чүй облусунун тургуну Россиядан Кыргыз өлкөсүнө экстрадицияланды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБи тарабынан экстрадицияланган 29 жаштагы К.М.га карата кылмыш иши козголду.

Анда 2014-жылдын январь айында Аламүдүн районунун аймагында белгисиз адамдар тобу 1990-жылы жана 1989-жылы туулган эки жарандын денесине оор залал келтиришкен. Алардын биринин денесине оор залал келтирилип, өмүрүнө коркунуч келтирилген. Буга чейин бул иш боюнча алты шектүү кармалган. Алардын ичинен экөө из жашырып, башка мамлекеттердин аймагынан кармалган.

Өткөн жылы жайында издөөдө жүргөн К.М. аттуу жаран Орусиядан кармалган. Февраль айынын башында ал мекенине экстрадицияланып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.