Президентке суроо берейин деген журналистке милиционерлер жолтоо болду

YouTube video

Президент Садыр Жапаров базар кыдырып жатканда аны коштогон милиция кызматкерлери президентке суроосун узаткысы келген журналистти токтотуп, аны алып кеткенге аракет кылышкан.

Милиционерлерге алып кетип бара жаткан адам журналист экендигин айтышканда гана алар кое беришкен.

Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Бул документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылганы айтылган. Өкмөт муну бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максаты менен негиздеген.

Буга чейин «Дордой», «Дордой Моторс» жана «Таатан» өңдүү ири базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Ар кандай маалыматтар боюнча Бишкектеги ири базарларда эки миңдей адам жайма базарда соодагерлик кылат.

Эске салсак, президент Cадыр Жапаров түшкө чейин “Дордой” базарын кыдырып, элдин көйгөйү менен таанышып чыкты.

“Дордой” базарынан кийин мамлекет башчы “Ош” базарын кыдырып, эл менен жолугушту.  Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин маалыматы боюнча президент жеринде ишкерлер менен ККМ аппараттары тууралуу сүйлөшүү үчүн барган.