Ичип алып, жаранды ур-тепкиге алган адам кармалды

Аламүдүн районунда бирөөнүн денесине залал келтирүүгө шектүү кармалган
2022-жылдын 27-январында болжол менен саат 17:00 чамаларында Биринчи Май районунун ИИБүнө ооруканалардын бирине эркек киши дене жаракаттары менен түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.


Алынган маалыматтардын негизинде көрсөтүлгөн дарекке ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда ал 1990-жылы туулган М.А. аттуу жаран экендиги такталган.


Териштирүү учурунда жабырлануучунун эжеси милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, анын бир тууганын Озерное айылында билгисиз бирөө уруп-сабаганын билдирген.


Чогултулган материалдар окуя болгон жери боюнча Аламүдүн РИИБүнө жөнөтүлгөн.
Кийин жогорудагы факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 1978-жылы туулган М.Э. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда жабырлануучу менен шектүү мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, жабырлануучу дене жаракаттарды алганы маалым болгон.


Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.