
Бүгүн, 6-февралга карата коронавирус 110 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада 341 адам илдеттен сакайып чыкты.
Республика боюнча жуктургандар:
- Бишкек шаарында – 56,
- Ош шаарында – 10,
- Чүй облусунда – 18,
- Ош облусунда – 3,
- Ысык-Көл облусунда – 12,
- Жалал-Абад облусунда – 5,
- Баткен облусунда – 6 адамдан илдет табылган.
Пандемия башталгандан бери 199 миң 436 адам коронавирус жуктуруп, 2 миң 902 адам каза болду.