Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты

Президент Садыр Жапаров Пекин шаарындагы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты.Иш-чара “Куш уясы” деп аталган Пекин улуттук стадионунда өттү.

273313509 4898994223480548 4652984824675938451 n Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты

Аземдин катышуучулары менен меймандарына, анын ичинде чет мамлекеттердин жетекчилерине, чет элдик делегациялардын өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине заманбап технологиялар жана атайын эффекттер колдонулган театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү.

273325243 4898994496813854 6035242029853096111 n Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты

Спортчулардын парадына ата-мекендик лыжачы Максим Гордеев катышып, стадиондо Кыргызстандын желегин көтөрүп өттү. Аземдин соңунда КЭР Төрагасы Си Цзиньпин оюндарды ачык деп жарыялады.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасында иш сапары менен жүрөт жана анын алкагында Кышкы Олимпиада – 2022 оюндарынын расмий ачылыш аземине барды.

prez Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты