Москва районунда суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

WhatsApp Image 2022 02 04 at 08.00.05 Москва районунда суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын  14-январынан тартып Беловодск жана Ак-Суу айылдарынын аймагындагы каналдардын суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорун белгисиз бирөөлөр уурдап жатышкандыгы тууралуу 8 факты боюнча Москва РИИБнө арыздар келип түшөн.

WhatsApp Image 2022 02 04 at 08.00.05 2 Москва районунда суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды

Ал кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерери тарабынан “Уурулук” аталашындагы рейд иш-чарасы учурунда жогорудагы кылмышка шектелишип, 1999-жылы туулган К.С., С.А. жана 2001-жылы туулган К.Д. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

WhatsApp Image 2022 02 04 at 08.00.04 Москва районунда суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды
WhatsApp Image 2022 02 04 at 08.00.06 Москва районунда суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды
WhatsApp Image 2022 02 04 at 08.00.04 1 Москва районунда суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.