Нургүл Бакирова кызматтан кетти

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова өз каалоосу менен кызматынан кетти.

Маалыматка ылайык, ал бул кызматка 9 ай мурун бекитилген.

 Бул тууралуу анын кеңешчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Н.Бакирова өлкө башчысына өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арыз менен кайрылган.

«Жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөн.

Буга чейин төрага Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Ошол себептен Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алды», – деп айтылат маалыматта.

Нургүл Бакирова 2021-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы болуп шайланган.

Буга чейин 2020-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары болуп шайланган.

2018-жылдын 23-майында Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына бекитилген.