Temirov LIVE каналынын бардык журналисттери суракка чакырылды

Temirov LIVE каналынын бардык кызматкерлери саат 18:00гө суракка чакырылышты. Бул тууралуу аталган каналдын кызматкерлери кабарлады.

Маалымат боюнча, каналды баардык кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына Болот Темиров жана Болот Назаровка карата козголгон иштердин алкагында күбө катары сурака чакыртылышкан.

0DE228FE B5B1 4D34 9FC4 4617BA194DEA 768x434 1 Temirov LIVE каналынын бардык журналисттери суракка чакырылды

Буга чейин иликтөөчү журналист Болот Темиров менен анын командасындагы төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.