Эгемендүү Кыргызстанда журналисттердин ролу кандай жана мамлекет журналисттерди кол салуудан, кысымдан коргошу керекпи? Болот Темировго болгон басым тууралуу оюңуз кандай? BULAK.KG сайтынын бул суроосуна “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жооп берди.
“Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан эң эркин жана демократиялык мамлекет. Бүгүн деле ошол абалында турат. Эркин, демократиялуу чөйрөдө коомдук пикир реалдуу күчкө ээ болот. Азыр бүткүл дүйнөдө ар бир айылда, ар бир үй-бүлөдө интернет болуп, социалдык тармактын таасири күчөп баратат.
Коомдун күн тартибин аныктап, иликтеп атып профессионалдуу түрдө процесстерге баа берген, элди ынандыра билген адамдар коомдук пикирди аныктап коюп жатат. Алар биринчи кезекте журналисттер, анткени бул иштер алардын кесиби. Бир же бир нече журналисттин уюму бүтүндөй саясий партиянын күчүнө тете болуп калган учур.
Кыргызстанда бүгүн авторитардык система орноп, Орто Азияга мүнөздүү саясий режим орноп жаткан кезде бүгүнкү бийлик сөз эркиндигин чектеп, журналисттерге кысым көрсөтүү менен активдүүлүгүн басаңдатып жатат. Андан сырткары саясатчыларга да басым жасоо жолу аркылуу коомдук пикирди көзөмөлдөйбүз, коомдук пикирди жаратып күн тартибин койгон монополист болобуз деп аракет кылып жатышат.
Буга байланыштуу бүгүнкү бийлик саясий оппоненттерге кысым көрсөтүп, аларды каралап, жамандап жатат. Журналисттерге куугунтук да башталды. Аларга иш козгоо, сотко берүү, коркутуп-үркүтүү жолдору менен иштерин чектегенге аракет кылууда. Бул көрүнүштөр авторитаризмди жана жеке бийликти орнотуунун жападан жалгыз жолу. Намыстуу, эркин жарандар мындай процесстерге каршы турушубуз керек”, – деп Текебаев билдирди.