2022-жылдын 27-январы саат 20:30га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуганын Чек ара кызматы кабарлады.
Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын атышуулары жүрүп, тажик тарап миномёт, гранатомёт колдонуп жатканы кабарланды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун, андан соң кайрадан ачылганын кабарлаган.
Белгилей кетсек, кечки 17:30дан 18:30га чейин жолду тосуу башталган. Окуя курчуп кетпеш үчүн Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров Төрт-Көчөгө барышкан. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.