Бишкекте эки маршрутка катышкан жол кырсыктан жабыркап, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бейтаптар палатага которулду, абалдары канаттандырарлык.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна тез жардамы кызматы менен 17 жабырлануучу, ал эми Улуттук госпиталга 1 жабырлануучу жеткирилген.
Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө 2 адам жаткырылды. Аталган борбордун хирургия жана нейротравматология бөлүмүнө ар кандай деңгээлдеги жаракаттар менен 4 жаран жаткырылды.
«Ал эми 1 жабырлануучу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жаткырылды, абалы канааттандырарлык. 11 бейтап биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү»,-деп билдиришти министрликтен.