Баткен облусунун бардык саламаттык сактоо уюмдары күчөтүлгөн режимге өттү

Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун  маалыматы боюнча Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эки тез жардам унаасы менен жаракат (сыныктар) алган төрт аскер Баткен облустук бириккен ооруканасына Көк-Таш айылынан келип түштү. Жабырлануучулардын ден соолугу тууралуу маалымат кийинчерээк берилери айтылды.

Ал эми Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматында облустун бардык саламаттыкты сактоо уюмдары күчөтүлгөн режимге өттү.

10 тез медициналык  жардам бригадасы, кан жана компоненттер даярдалган.

Баткен облустук бириккен ооруканасына Кадамжай шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан хирург, реанимация адиси жана травматологдон турган дарыгерлер тобу жана Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан дагы бир бригада келип, Ош облусунан да дарыгерлерден турган эки бригада келе жаткандыгы айтылды.