Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин отуруму өтүп жатат.
Жыйындын күн тартиби (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
1. 2022-жылдын февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын бекитүү;
2. “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет;
3. “2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык ɵнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автомобиль жолунун (Корумду–Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет;
4. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Эшимов Акылбек Жусуповичти ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.