Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү, жашылдандыруу ишери уланат

Ош шаарынын мэриясында Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү, жашылдандыруу долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу болуп өттү.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, талкуу биринчи вице-мэр Марс Исаевдин жетекчилиги астында шаардык кеңештин депутаттарынын, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда өткөн.

Жыйынтыгында долбоордун курулушу табыгый экосистеманы сактап калуу менен ишке ашырылуусу сунушталып, катышуучулардын макулдугу менен чечим кабыл алынды.

Жакында долбоор кайра иштелип, толуктоолор киргизилет. Ал эми каржылоо Дүйнөлүк Банк тарабынан гранттык эсепте ишке ашат.