Энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүнкү Орто Азия боюнча үзгүлтүккө учураган энергосистема боюнча бузулуу тууралуу маалымат берди.
«Орто Азия энергосистемасында мындай үзгүлтүккө учураган көрүнүш тарыхта буга чейин болгон эмес. Учурда биз Өзбекстан жана Казакстан менен чогуу болгон энергошакекчеден бөлүнүп иштей баштадык. Мындай авариялык учур коңшу Казакстанда болушу мүмкүн, бирок азыр бул эки өлкөнүн бирин күнөөлөөгө болбойт.
Коңшу мамлекеттер менен бирге комиссия түзүп иликтөө иштерин баштайбыз. Биз Евразия экономикалык биримдигинде болгондугубуз үчүн дайым бири-бирибизге жардамдашып иштеп келебиз.
Кыргызстан ичинде энергияны толук бойдон бир-эки сааттын ичинде калыбына келтиребиз. Ал эми Жылуулук электр борборунун ишин бүгүн түнгө чейин калыбына келтиргенге күч жумшалат. Учурда Токтогул каскады штаттык режимде иштей баштады»,-деп белгиледи.