Коомдо резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрдүн жыйынтыгында коррупциялык схемалардын, жылдар бою ачылбаган кылмыштардын бети ачылып, жашыруун жаткан фактылар сыртка калкып чыккан учурлар көп кездешет.
Кыргызстанда да акыркы жылдары журналисттик иликтөөлөр өнүгүп, жарандардын укугун коргоого, паракордун бетин ачууга жардам кылган мисалдар кездешет. Мындай терең изилденген материалдар өлкөгө саясий жана экономикалык эффект берери талашсыз.
Бүгүн бул чыгарылышта дүйнөгө белгилүү журналисттик иликтөөлөр, алардын чыгуу себептери жана жыйынтыктары тууралуу сөз кылабыз.
1 Уотергейт чыры – АКШ президентинин кызматтан алынышы
Журналисттик иликтөөлөрдүн классикасы деп көпчүлүк “Уотергейт чырын” атап келишет. Бул окуя 1974-жылдын 8-августунда Америка Кошмо Штаттарында орун алып, чоң чыр менен коштолгон. АКШнын 37-президенти Ричард Никсондун мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүсүнө себеп болгон.
Иликтөө иши эки жылдан ашуун жүргүзүлүп, “Вашингтон пост” (The Washington Post) гезитинин курагы 30 жашка жетпеген журналисттери Боб Вудвард жана Карл Бернстайн өз маалымат булагына таянып, окуя тууралуу үзгүлтүксүз коомчулукка жеткирип турушкан.
1972-жылдагы кезектеги президенттик шайлоо жарышы кызып турганда АКШдагы демократиялык партиянын талапкери Жорж Маквергендин шайлоо кеңсеси жайгашкан Вашингтон шаарынын «Уотергейт» (Watergate) мейманканасында беш адам кармалган. Алар суу түтүгүн оңдогучтардын кийимин кийишип арткы эшиктен киришкен. Жасалма “оңдогучтар” кеңсеге тыңшоочу жабдыктарды орнотуп, партиянын иш-кагаздарын сүрөткө тартып жаткан жеринен кармалып калышат. Бул окуя Америка коомчулугунун үрөйүн учуруп, шайланган президент Ричард Никсондун саясий тагдырына балта чапкан “Уотергейт” чырынын башы эле.
Иликтөө учурунда талапкер Никсондун шайлоо казынасынан демократ атаандаштарына тыңчылык кылууга каражат бөлүнүп, атайын даярдыктагы топ Борбордук чалгын башкармалыгынын (Central Intelligence Agency) колдоосу менен чогуу аракеттенгени ачыкка чыгат. Бир катар соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында өлкө башчы болуп иштеп жаткан Никсон кызматынан алынган. АКШнын тарыхында мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткен жалгыз президент катары калган.
2 Чиркөө кызматкерлеринин сексуалдык кылмыштарын ачкан иликтөө
2002-жылы «Boston Globe» гезити АКШнын Бостон шаарындагы католик чиркөөсүнүн диний кызматкерлеринин педофилдик кылмыш иштерин ачкан 23 материалды жарыялаган. Аталган басылманын журналисттеринин иликтөөсүнүн жардамы менен Бостондо 200дөй дин кызматкери жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөнү, ал эми мындай көрсөткүч улуттук деңгээлде 7000ге чейин жеткени белгилүү болгон.
2003-жылы «Boston Globe» басылмасы дин кызматкерлери тарабынан жасалып жүргөн сексуалдык жашыруун иштерди баатырдык менен ачып көрсөткөнү үчүн “Пулитцердин сыйлыгына” ээ болгон.
Гезиттин иликтөөсү жергиликтүү эле резонанс жаратпастан, улуттук жана эл аралык деңгээлге чейин жетип, рим-католик чиркөөсүндөгү оң өзгөрүүлөргө алып келген.
Дал ушул окуя боюнча тартылган “В центре внимания” кинотасмасы Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде 2016-жылы “Эң мыкты фильм” номинациясын жеңип алган. Журналисттик иликтөөнүн негизинде тартылган экинчи фильм катары белгилүү десек болот. Биринчиси жогоруда айтылган “Уотергейт чырынын” негизинде “Вся президентская рать” деген аталыштагы тасма болгон.
3 Чарльз Понцинин “пирамидасын” иликтеген “Бостон пост”
1921-жылы “Boston Post” басылмасы «Коомго кызмат кылганы үчүн” аталыштагы сыйлыгына ээ болгон. Алар америкалык аферист жана финансылык пирамидалардын түзүүчүсү Чарльз Понцинин сехмаларын иликтеп, кылмыштарын ачкан. Бостондун жашоочуларынын көп бөлүгү Понцинин ишмердүүлүгүндөгү шылуундукка кабылып, өз каражаттарынан кол жууп, окуя маалымат каражаттарына тез эле жеткен.
Окуя тууралуу билери менен “Бостон пост” басылмасы Понцинин махинацияларын изилдеген бир нече публикацияларды жарыялаган. 1919-жылы италиялык эмигрант Америка Кошмо штаттарына чөнтөгүндөгү 2,5 миң доллары менен келип, мыйзамдуу түрдө акча таба албай турганын түшүнгөндө оңой жолду издеп, “The Securities Exchange” деген компанияны негиздеген. Понци ар бир инвестордон миң доллар акчасын алып, 90 күндүн ичинде 1,5 миң долларга жеткирем деп убадалап, натыйжада бир жыл ичинде компаниясы ишин токтоткон. Кыска убакыттын ичинде 20 млн долларга чейин байып кеткен кылмышкердин ишин ачууда журналисттердин эмгеги чоң болгон.
4 Чиновниктердин кылмышкерлер менен байланышы. Редактордун өлүмү…
1927-жылы “Canton Daily News” басылмасына “Коомго кызмат кылганы үчүн” деген сыйлык тапшырылган. Алар АКШнын Огайосундагы шаар чиновниктеринин криминалдык чөйрө менен байланышын ачыктап, бирге жасаган иштерин жазып чыгарган.
Бул иштин жыйынтыгында аталган гезиттин башкы редактору болуп иштеп турган Дон Меллетт саясий себептерден улам өлтүрүлгөн. Ал Кентон шаарындагы киши өлтүрүүгө шектүү болгон адамды таап, анын кылмышын далилдеп жарыялагандан соң киши колдуу болгон. Кылмыштын бетинин ачылышы алгач эч кандай жыйынтыкты деле берген эмес, бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин күнөөлүүлөр колго түшүп, камалаган. Дон Меллетт кылмышкер деп аныктаган жашоочулар натыйжада өмүр бою эркинен ажыратылган.
5 АКШ аскерлеринин Вьетнамдагы кылмыштары
1970-жылы аскердик кылмышты ачкандыгы үчүн алгачкы сыйлыкка “Dispatch News Service” басылмасы ээ болгон. Алар Түштүк Вьетнамдагы согуш маалында Милай айылында америкалык аскерлер 350-500дөй жаранды өлтүргөнүн иликтешкен.
2015-жылы бул окуя, журналисттик иликтөө тууралуу документалдык тасма тартылып, Пулитцер сыйлыгына ээ болгон беш журналист Вьетнам согушун чагылдырганы жана алардын ачыктаган фактылары Пентагондун расмий маалыматтарынан айырмалана турганы көрсөтүлгөн. Дал ушул метариал жарык көргөндөн бери аскердик кылмыштуулук көп изилдене баштаган.
1969-жылы “Dispatch News Service” агенттигинин корреспонденти Вьетнам согушунан келген жоокерлердин айткан сөздөрүн иликтеп жатып, 1968-жылы америкалык жоокерлер Милай айылына кирип барышканда душмандарын таппай 500дөй кадимки дыйканды, анын ичинен жаш балдар менен боюнда бар аялдарды атып өлтүрүшкөнүн билген. Алардын арасынан карапайым элди өлтүрдү деп Уильям Келли аттуу лейтенант күнөөлүү деп табылып, чоң резонанска туш болгон материалдын натыйжасында өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок үч жылдан кийин ырайым менен бошотулганы жазылат.
6 Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо
Кыргызстандын чегинде да журналисттик иликтөө иштерин жасап келгендер жок эмес. Болжолу менен мындан эки жыл мурун “Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттигинин жыйырмадан ашык журналисти “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо” аталышындагы иликтөөсүн жарыялаган.
Анда “Мен Айеркен Саймаити”, – деп өзүн тааныштырган жигит: “2011-2016-жылдар аралыгында Кыргызстандан 700 миллион доллар которгом”,- деп баяндайт. Журналистке сырын ачкан бул сүйлөшүүдөн бир нече ай өтпөй Саймаити киши колдуу болуп, ажал тапканы айтылат.
Бирок өлөрүнө аз калганда дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бириндеги элдин акчасын системалуу түрдө карактап турган ири схеманы ачыкка чыгарган документтерди кабарчыларга берип үлгүргөнү да белгиленген.
Биргелешкен иликтөө көпчүлүктүн көзүнө урунбаган Абдыкадырлар аттуу уйгур үй-бүлө көмүскөдөгү ири карго компаниясын иштетип, анын алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматына олчойгон пара агылып турганын көрсөткөн.
Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге бажыдагы мурдагы чоңдордун бири, көпчүлүк кол тийгис деп эсептеген Райымбек Матраимовдун катыштыгын да көрсөткөн.
“Саймаити көп нерсени билген. Себеби ал өзү сүрөттөп берген калкалоо жана акчаны адалдоо менен коштолгон көмүскө системанын ишинде маанилүү роль ойногон. Бирок ал бул системаны ашкерелөөгө бел байлаган. Анын акыркы сөзүнө айлана турган бул иликтөө бир ууч адам Кыргызстандын элинин эсебинен кантин байып келгенин мурда айтылбаган деталдар менен айгинелеп берет”, – деп иликтөөдө айтылат.