Бишкек шаарынын башкы архитектура кызматы борбордун борбордук бөлүгүндөгү жашылдандыруу жана архитектуралык объектилерди жаңылоо багытындагы эскиздердин үстүндө иштеп чыкты.
Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ревитализациялоо иштери эски аянтта, Ч.Айтматов атындагы паркта, борбордук аянтта, ошондой эле Бишкектин борбордук көчөлөрүндө болот.
Ч.Айтматов атындагы эмен багындагы эскирген отургучтар, таштанды урналары, ар түрдүү шам чырактар алмаштырылат. Ошондой эле ар кандай маданий жана массалык иш-чараларды ыңгайлуу шартта өткөрүү үчүн ар кандай конструкциялар сунушталды.