
Кыргызстанда 22-январга карата коронавирус 791 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Республика боюнча табылган жаңы учурлар:
Бишкек шаарында –488;
Ош шаарында – 7;
Чүй облусунда – 185;
Ош облусунда – 8;
Талас облусунда – 9;
Нарын облусунда – 7;
Ысык-Көл облусунда – 17;
Жалал-Абад облусунда – 39;
Баткен облусунда – 31.
Акыркы суткада 466 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.