
Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кошуна жайгашкан аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 114-беренесине ылайык, 3-13 миң сомго чейин төмөнкү даректерге айып салынды:
– Апрель көчөсүндөгү №9а дарегиндеги «Умар Ойл» компаниясына, Анкара көчөсүндөгү №38 «Народный» дүкөнүнө;
– “Суши весла” кафесине;
– Термечиков көчөсү №3 дарегинде жайгашкан дүкөндүн талаптарын аткарбагандыгы үчүн Тулегенова Н. тургунуна.
Мындан тышкары, бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактылары төмөнкү даректер боюнча: “Бакай-Ата” конушу Ак-Сай көчөсү, ошондой эле Огонбаев көчөсү 93 дарегинде катталган.