Бишкекте айдоочу кыз аялды сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, кетип калган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-январда саат 16:00дө айдоочу Байтик баатыр көчөсү менен бара жатып Кулатов көчөсүнө чейинки жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жаранды сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынан 36 жаштагы К.М. аттуу аял киши жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында “Хонда-Фит” унаасынын 23 жаштагы Н.С. аттуу айдоочу кыз кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки экспертиза дайындалды.