
Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-январда А.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын февраль айында чала тааныш «К» аттуу аял алдоо жолу менен 100 миң АКШ долларын жана 3 бөлмөлүү батир берем деген шылтоо менен андан 4 бөлмөлүү батирин күрөөгө коюуга көндүрүп, белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Чыгымдын жалпы суммасы 230 миң АКШ долларын түзөт.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин «Алдамчылык» негизинде кылмыш иши козголгон.
Иликтөөнүн жүрүшүндө 1987-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.