Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын жолдошу Кайрат Шарибаев QazaqGaz улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагалыгынан четтетилди.
Ошондой эле Наразбаевдин кенже кызы Алия Назарбаеванын жолдошу Димаш Досанов «КазТрансОйл» ишканасынын жетекчилигинен кетти.