Казакстандагы нааразылык акциялары жана аны коштогон башаламандыктарда 225 адам көз жумду. Анын ичинде карапайым адамдар жана күч түзүмдөрү бар деп билдирди Башкы прокуратуранын кылмыш куугунтуктоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн директору Асел Артакшинова.
Бул тууралуу «Sputnik» Казакстан билдирди.
Каза болгондордун 19у — күч органдарынын кызматкерлери. Митингде 4578 адам жабыркап, 863 адамга стационардык жардам керек болгон.
Учурда ооруканаларда 265 адам даарыланууда, анын 67си оор абалда, деп билдирет «Tengrinews» порталы республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып.
Башкы прокуратуранын айтымында, башаламандыкка 20 миңден ашуун адам катышкан.
Жалпысынан 546 кылмыш иши козголуп, 672 шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.