Бүгүн борбор калаада саясий-укуктук изилдөө борборунун уюштуруусунда Бишкектеги абанын кирдеши, суу жана жер маселелерин талкуулоо башталды.
Тегерек столдун модератору болуп журналист Азамат Тынаев коюлган. Акыркы жылдары Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын алдына чыкканын белгилеп, экологиядагы бир катар көйгөйлүү маселелерди козгоду.
Шаарды өз убагында жылытуу жана жетиштүү деңгээлде жашылдандыруу, ирээттүү эмес тургузулган курулуштардын шаарга тийгизген зыяны тууралуу айтылды.
«Акыркы жылдары дем алуу органдарынан жабыр тарткан жарандар көбөйдү. Мунун бардыгы абанын кирдешинен жана бийликтин жетиштүү көңүл бурбай жатканынан болууда.
Мэриянын басма сөз кызматы өткөн декабрда билдиргендей, Бишкекте унаа токтотуучу жайларды курууга тапшырма берилди. Андан сырткары министрлер кабинети 12 млн даана бак-дарак көчөттөрүн жыл сайын отургузуу планы бар экендигин билдирди.
Өлкөнү санариптештирүү аракеттери да уланып, брюкратиялык кагаздардын бардыгына бөгөт коюу маселелери да каралып жатат»,-деп Азамат Тынаев билдирди.