Депутат маселелерди кыргызча талкуулоону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова парламенттин жыйынында маселелерди мамлекеттик тилде талкуулоону сунуштады.

«Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил болгондуктан, Жогорку Кеңеште тилибизди баалай билишибиз керек», – деди эл депутаты.

– Арабызда 90 депутат, бир дагы орус жараны жок. Эң биринчи өзүбүздү өзүбүз сыйлашыбыз керек, анан аны башкалардан талап кылышыбыз керек. Султанбай Айжигитов, сиз эки тилди тең мыкты билесиз.

Кыргызстандыктар бизди түз эфирде көрүп жатышат. Зарылчылык болбосо, маселелерди мамлекеттик тилде талкуулоону сунуштайм.