Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева Алматыдагы үйүндө. Бул тууралуу журналисттерге анын жардамчысы Жанна Эрмекова билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Дарига Назарбаевадан коронавирус аныкталган.
«Ал (Д.Назарбаева) ден соолугуна байланыштуу 3-январдан тарта эс алууда. Андан коронавирус аныкталган», — деди жардамчысы.