
Тажикстандын аймагында кармалган Кыргызстандын жараны өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-ноябрында Лейлек районундагы Арка-Борбордук жолунун тилкесинен Тажикстандын УКМКсынын кызматкерлери Кыргызстандын 1992-жылы туулган Р. Исмаилова аттуу жаранын кармап кеткен.
«Кармалган жаран 2022-жылдын 10-январында Лейлек районундагы «Кулунду унаа жолу» пункту аркылуу мекенине келди»